| Cтатус | Действует | |
| Входящий номер: | 9 | |
| Номер свидетельства: | 2016001.ТРЗ | |
| Дата регистрации охранного документа: | 25.03.2016 | |
| Дата окончания охранного документа: | 05.03.2026 | |
| Дата подачи заявки: | 05.03.2016 | |
| Заявитель: | Джаанбаев Орунбек | |
| Владелец: | Джаанбаев Орунбек | |
| Название традиционного знания: | на русском | Кыргыз озолоңу |
| кыргызча | Кыргыз озолоңу | |
| english | ||
| Место происхождения: | Кыргызстан | |
| Описание на русском: | ||
| Описание на кыргызском: | "К ы р г ы з О з о л о ң у Байыркы Кыргыздардын тарыхы менен бирге эле алардын урп- адат салты, кол өнөрчүлүгү ,кийим-кечеги жана ичкен тамак- ашынын да тарыхы өтө бай болгон экен. Алардын ичинен эң, байыркыларын, азыркы биздин жашообуздан жок болуп унутулуп бара жаткандарын кайрадан жандандырып, изилдеп, азыркы жашоо турмушубузга алып келүү кийинки муундардын милдети деп эсептейм. өзүм окумуштуу болбосом дагы бул тема менен бел байлап алп урушууну туура көрдүм. Себеби Өлкө башчыбыз Алмазбек Шаршенович Атамбаевдин 2016-жыл Кыргыз элинин тарыхын жана маданиятын көтөрүү жылы болсун деген жарлыгы мени шыктандырды. Менин айта турган багытым байыркы Кыргыз элинин тамак- ашы тууралуу болмокчу. Себеби балким Айкөл Манас баштаган Кыргыз уюткулары азыр төмөндө мен айта турган тамак-ашты ичишип, эл керегине жараган баатыр болушкандыр ким билет тарыхты таамай мээлөө кыйын да. Эмне себептен мен ушул Кыргыз Озолоңу жөнүндө айтууга бел байладым мунун өзүнчө себеби бар. Мен бала кезимде ,Совет бийлигинин бардар жашоо учурунда ,азыркы көмүр бассейини болгон Кара-Кече өрөөнүндө эл кыш келе жатканда үймө-үй кышкы согум союшаар эле. Кээси жылкы кээси уй союшчу. Менин атам согуш ардагери Жакыпбеков Жаанбай да согум сойчу.Бирок башкалардан балким айырмаланып,согум этине ушул кыргыз Озолоңун кошо сепчү да союлган бодонун терисине ороп койчу.Тээ жаз утурумдап, узун сары келгенде баягы теридеги этти ачып,чоң казанга бышырып айыл-апа менен чогуу жечүбүз. Эми ал эттин даамы укмуштуудай сонун эле. Мен андай даамдуу этти эч жерден көрө элекмин. Кийин баамдасам ал учурдагы тамак - аш экологиялык жактан эң, таза жана ден - соолукка пайдалуу болгондугу талашсыз экен. Азыркы учурда биздин эл лагман, шорпо , палоо, рагу , котлет ж.б. тамак - ашты билебиз. Ал тургай Кытай менен Түркиядан келген жана жаштарга көчөдө сатылып жаткан таза эмес тамак- ашты деле көз жуумп жеп жатабыз. Ал эми байыркы Кыргыз Атамда н калган ,дарылык касиети бар, экологиялык жактан эң, таза тамак ашты биз унутуп бара жатабыз. Алар төмөндөгүлөр. Эт АЗЫКТАРЫНАН... АЛАШАК, КЕЛДЕМИЙАН , ЭСКИ НААРЫН, АК-ДӨБӨ, САРЫ КАЗЫ, КЫЙМА ЖАЛ , КЕРТКЕН ЖАЛ ,ж.б. ж.б. MYHӨ3 ТАМАКТАРЫ ... КОЙУТМАК, ШУРУГАН, КӨПТҮРМӨ, КОРДО, ж.б. ж.б CYT АЗЫКТАРЫНАН... АКЕЖАН, АК-СЕРКЕ, САРЫ МАЙ, KOШKOH-МАЙ, ЧӨБӨГӨ, КАКЫРЫМ, УБАЙ. Ж.б..ж.б. СУУСУНДУКТАР, КЫМЫЗ, АЙРАН, ЧИЙДЕТ, ЧАҢЫТ, ЧИЙДЕМ, ЧАГЫР. Ж.б. ж.б. БАЛБАНДАР ТАМАГЫ, ЧӨКМӨ, БОЗО ТҮРЛӨРҮ....ЧОРО- КУУРДАК, KYPKYPӨӨ . Ж.Б Ж.Б. Кыргыз элинин эски унутулуп бара жаткан тамак-аштарынын саны жүздөп саналат экен.Ушул тамак аштар таза жана жагымдуу да сиңимдүү да болгон учүн алардын ден-соолугу чың болуп , ооруканасыз эле көп жылдарга дармандуу жашашкан экен. Эң маанилуусу жогорудагы аталган эт азыктарына себилип, Дуйнөдө жок жагымдуу даам бере алган Кыргыз Озолоңу ушул бойдон жок болуп кетеби деп кабатырланып журдүм.Өзүм окумуштуу болбогонума карабастан бул дары чөптү Бишкектин китепканаларынан издеп изилдеп баштадым. Абдан кызыктуу жагдайга туш келдим. Көрсө Кыргыз Озолоңу Оруссияда да Тибетте да Кытайда да Монголияда да өсөт экен. Анын орусча аты ЯРУТКА ПОЛЕВАЯ дел аталат экен. Муну Орус Окумуштуусу Академик В. МАХЛАУК өткөн кылымдын 30-40 жылдары изилдеген тура. Ал эми Кыргызстанда бул дары чөптү эч ким изилдеген эмес. Бул дары чөп Орус окумуштуусунун айтуусу боюнча Кытай элдик медицинасында көзгө суук тийгенде, гипертониялык ооруларда, аторесклеросто, миокардитте, кант диабетинде жана венерологиялык оорулардын алдын алууда жана ошондой эле эркектин бел кубатын жогорулатууга жакшы жардам берет экен. Ал эми Тибет жана Орус элдик медицинасында адамдын нерв жана ички органдарына таасири жакшы экен. Ал эми Кыргыз Атамдын эч билими жок туруп эле ошол замандарда химик- биолог болуп алгандыгына таң, каласың . Себеби В. Махлауктун айтуусуна таянсак ар кандай кесип алган жараттардын тез сакайышына жакшы жардам берээрин Кыргыз атам кантип билди экен дейм да.Ошондой эле карыялардын айтуусуна таянсак эттин бузулуп кетүүсүнө Кыргыз Озолоңу эч убакта жол бербейт экен. Анын составында эттин бузулуп кетүүсунө жол бербей турган химиялык зат бар экенин Кыргыз Атам кантип билди экен ов. Ушундай акылмандык менен кылымдар бою Дуйнө элинин эч кимисинде жок жагымдуу тамакты Кыргыз атам жеп келген болсо, эми аны биз кантип унутта калтырып жок кылып жибере алабыз мекендеш. Ошондуктан бул тема дагы изилдөөнү талап кылат.Учуру келгенде улут жакшыларына жагымдуу дагы келечектүү дагы айтам го деген ойдомун. " | |
| Описание на английском: | ||
| Область применения: | ||
| Адрес для переписки: | ||