Реестр зарегистрированных объектов интеллектуальной собственности МНВОИ КР
  • Товарные знаки
  • ТИМС
  • НМПТ
  • Авторское право
  • Объекты смежных прав
  • ОТЗ
  • Базы данных
  • Изобретение
  • Полезная модель
  • Промышленный образец
  • Программы ЭВМ
  • Селекционные достижения
  • Традиционные знания
  • Рационализаторское предложение
  • Реестр произведений кыргызских правообладателей

Cтатус Действует
Входящий номер: 60
Номер свидетельства: 2017051.ТРЗ
Дата регистрации охранного документа: 21.08.2017
Дата окончания охранного документа: 18.07.2027
Дата подачи заявки: 18.07.2017
Заявитель: Асаналиева Чынаркуль Шейшеновна
Владелец: Асаналиева Чынаркул Шейшеновна
Название традиционного знания: на русском Изготовление юрты "Ак өргөө"
кыргызча Көчмөн кыргыз элинин "Ак өргөө" боз үйүнүн нукура жасалышы
english
Место происхождения:
Описание на русском: Боз үйдүн бөлүктөрүн топторго бөлүү. Кыргыз боз үйү илгертеден ата-бабадан бери карай очогунан от өчпөгөн жайы-кышы жашат тукум улап келген, жашоо тиричилигин баштарынан кечирип келген мекени жана туусу болгон. Боз үй кыргыздын улуттук нукуралуулугун, маданиятын чагылдырган эмгеги. Боз үйдүн өздүк курамын, негизги каркасын түзүүчүлөр - жыгач эмеректери: дубалы кереге, кумпасы - уук, төбөсү - түндүк жана, босого таяктары каалгалары менен; жабуулары: дубалын жабуучу-туурдук, кумпасын жабуучу-үзүк, төбөсүн жабуучу-түндүк жабуу, эшигин калкалаганга же чий эшигине кошо көктөлүп калкалануучу кийиз эшиги; чийлерине: дубалына калкалануучу канат чий, эшик чий, эшилген, өрүлгөн түрдөгү топоздун жүнүнөн эшилген кыл боолор. Каалга - (боз үйдүн каалгасы) Бул мыксыз эле баш босого менен аяк босогого ашталып бекитилген эки бөлүктөн турган тактайча. Эшик каалгага, босого-таякка түшкөн көркөм оюм-чийимдер үкөктөн, сандыктан айырмаланат. Каалгага мында «мүйүз», «карга тырмак» оюмдарын үзүл-кесилсиз жалпы оюмду чийүү көрктүү көрсөтөт. Боз үйдүн каалгасына эч жеринен өөн чыгарбай узун чийип алып, ага көркөм оюмду кынаптап түшүрүү салты сакталган. Ага түшкөн кооздуктар босого-таякка үндөшөт да, жыгач оюмунун бир бүтүмүн түзөт. Босого-таякка жана каалгага химиялык заводдон чыккан боекторду сүртүүгө болбойт. Коюу тартылган сыр үйдүн ички жасалгасын өзүнө жутуп алат. Жыгач буюмдарынын - үй эмеректеринин өнүн өзгөртүү оюм-чийим түшүрүүдөн кийин гана жүзөгө ашат. Эгер мүмкүн болсо оюм-чийим түшкөн жыгач буюмдарына кичине жошону сүртсө болот. Жошо улам эскирген сайын жыгачтын түсүн ачат. Каалганын ортосунда үкөктүкүндөй кулпу салгычы болот. Кереге -Уй жыгачынын негизги бөлүгү. Кереге боз уй жыгачынын уук бекитилүүчү төмөнкү бөлүгү. Кереге жайылганда саканактардын кайчылашуусунан төрт жагы бирдей кезчелер пайда болот. Керегенин уук байланчу жогорку ачакейлери - «кереге башы», анын карама-каршы төмөнкү бөлүгү- «керегенин аягы» деп аталат . Кереге канаттарын бириктиргендей, алардын четки саканактары бири-бирине дал келип ашталганда, «канат боо» менен орой чалып байлайт. Канат боо - жайылган керегени тыкандап байлай турган эшме жип же сызма. Боз үйдүн чоңдугу кереге канаттарынын санына башкача айтканда уук баштарына жараша болот. Айрым жерлерде «арзан кез» кереге деп аталат. Бат жайылып тигилиши үчүн, тез жыйналып жазылышы үчүн «жел кез» керегелер болот. Ал көчүп-конууга жеңил да, оңой да келет. Жыгач аз чыгымдалат. Илгери кышында «тор кез» керегелер тигилчү. Анын көзүнөн муштум араң батат, кенендиги сөөмгө да жетпейт. Калың кар түшкөндө ошол керегелер чыдамдуу келген. Мында керегени босого-таякка аштоодо эки кереге кыйгач кесилип, бирөө босого-таякты түз отургузат . Айрым аймакта үйдүн жыгачтарын сырдоодо жошого май кошуп кайнаткан да, эки жолу боелгон. Кереге үчун бардык эле көк жарай берген эмес. Көк - төөнүн, өгүздүн терисинин боор жаккы бөлүгүнөн жана жылкынын баш терисинен алынган. Терини чийкилей жүнүн жыдытып алып, жазылыгы l см. дей көк менен көктөйт. Көктүн эки жаккы тарабы топчу сыяктуу түйүлөт. Түндүк бул-боз үйдүн очогунун түтүн чыгуучу , жарык берүүчү жери, боз үйдүн борбору. Жыгаччылыкта боз үйдүн түндүгүн кармоо ар бир чебердин колунан анча келе бербейт. Уук, кереге матоого караганда түндүк ийүүнүн түйшүгү андан ашып түшөт. Түндүк боз үйдүн тигилишинде тең салмакты кармап, анан көз тойгондой көркөм көрүнүшү аркылуу сынакей калктын көз элегинен өтөт. Түндүкчүлөр жеринен сейрек учурайт. Бул болсо өнөрдүн өтө кылдаттыгын, сыпаалыгын жана татаалдыгын аныктайт. Түндүк алкак жана чамгарак деген эки бөлүктөн турат. Жогоруда айтылгандай, «карго» салып кызытып алат. Түндүктүн жаагы жыгачтын шартына жараша эки-үч бөлүктөн турат. Түндүк чамгарагы үч-төрт чыбыктан турат, Анан уук көздөрү тегерете көзөлөт. Туурдук - боз үйдүн керегесин, ууктун билегин бастыра жабуучу өрө кийиз. Жээктери көбүнчө кара менен ак жип, кээде кызыл менен ак жиптер оң-сол эшилип жээктелет. Кой жүнүнөн жасалган жээк суу тийгенде кирип, бырышып калгандыктан айрым жерлерде топоздун жүнүнөн эшилген жип менен жээктелет. Туурдуктун жогорку эки бурчуна терме боо кадалып, аны менен ал уукка бекитилет. Бир үйгө 4 туурдук, эң чон үйлөргө алардын сандары көбөйтүлүпжасалат. Үзүк менен туурдукдун жиптери шоонадан (төөнүн жүнүнөн) ийрилген жип менен тигилет. Үзүк - боз үйдүн ууктарынын үстүнөн жана керегенин башынын бир аз жерин чапчыта жабуучу калың кийиз. Ал негиздери иймек келип, алар өз ара параллель, капталдары тең капталдуу болуп, тең капталдуу трапеция үлгүсүндө болот. Жаанда суу болуп чети бүйрүлбөш үчүн четтери кыл же жүндөн атайын эшилген жип менен жээктелет. Ар бир үзүккө эки капталына үчтөн 6 боо тагылып, ошолордун жардамы менен уук, керегелерге байланып, жылмышпас болуп бекитилет. Ар бир боз үйгө алдыңкы жана арткы деп аталуучу 2 үзүк керектелет. Боз үйгө туурдуктар каланып бүткөндөн кийин биринчи алдыңкысы, анан арткысы жабылат. Үзүктөрдү терме атайын терилип оймо менен көркөмдөлгөн үзүк боолор менен бекитилип байланат. Үзүктүн түндү жагы кууш жана этек жагы жазы болот. Алдыңкы жана арткы болуп эки чоң үзүк жасалат. Түндүк жабуу- боз үйдүн түндүгүнүн үстүнөн жабылуучу, үйдүн өлчөмүнө карата ар бир жагы болжолу 2 м дей келген төрт чарчы кийиз. Анын төрт жагынан жаңырылган ай түспөлүндө оюлуп коюлат. Ал түндүктүн чамгарактарынын сыртынан тыкыс, жылчыксыз томпок болуп жабылуусун камсыздайт. Жээктери туурдук, үзүк сыяктуу эле жээктелет. Анын төрт бурчуна ар кандай күч келүүдөн жырылып кетпес үчүн, ич жагына тумарча кийиз капталып көктөлөт. Ошол төрт бурчуна төрт боо тагылып, анын үчөө кырчоого байланат. Маңдайкысы жерден туруп түндүк жабууну асмандагы кубулуштарды байкоого, жаандан сактанууга, жарыкты, жылуулукту, салкындуулукту, айрым учурларда түтүндү тескөгө карата ачып - жаап турууга бош коюлат. Эшик- боз үйдүн киши кирип чыгуучу жери жана ошол жерди тосо турган каалга. Анын даярдалган материалдарына карата төмөндөгүдөй түрлөрү болот. Кийиз капталган чий эшик, кош канат жыгач эшик. Уук - (тистекке) кургап өткөндөн кийин. Чоң боз үй (100, 120) кичине (85,75, 65,45,35) баш боз үйгө ылайыкталып кесилип ууктун баш жагы түндүктүн атайын көзөлгөн көзөнөккө туура келгидей уучталат. Керегеге топоз кылы менен эшилген арканы бекитилет. Жасалып бүткөндөн кийин жаратылыш боегу- жошо менен боелуп көлөкө жерге кургатылат. Босого-таяк -Бул боз үйдүн жыгачынын бир бөлүгү. Үйдүн эшигинин жана каалгасынын жыгач бөлүгү. Бул уук-кереге менен түндүктүн тең салмакта тигилишин аныктайт. Бири-бирине бириктирилип, кереге саканактары менен сызма же эшме жип аркылуу бекитилет. Баш босогонун үстүнөн үч-төрт кыска эшик уугу орун алат. Албетте, мында жыгаччылыкка таандык оюк ыкмасы пайдаланылат.Эки жан таяк, эки үстүнкү-астыңкы босого таяк. Боз үйдүн терме Тегирич - «Тегерете карадым, тегиричи кооз экен» (Макал). Бул - боз үйдүн таар жасалгасы. Ал жабык баштын алдына тартылат. Тегиричке түгөйлүү 44 жип өрмөктүн эки четине келтирилет. Абалы «тумарча көчөтүн» берип, анын ортосуна «кыял көчөтүн» салуу зарыл. Муну «мүйүз кыял» десек да болот. Анткенибиз, ошол «мүйүз көчөт», «чатармак көчөт» сыяктуу элдик эски түрлөр өрмөккө түшүрүүчү кооздукту өзүнчө «кыял» сыяктантып берүүгө негиз болот. Ушундан улам аны айрым айылдарда «чатармак», «мүйүз» деп да аталышы мүмкүн. Термечи ушул мүйуз сымалданган көчөттү терип чалууда көк менен кызыл тал жиптерди түгөйлөп алат. Жуз эки жиптин теңи эриштин астына түшөт (ургаачы делинет), теңи үстүнө чыгат (эркеги делинет) да, күзүктөлөт. Тутуу баш - туштуктун туурдуктун жогорку башына тигилген жабык баштык милдеттеги калың кездемеден, баркыттан жасалган жасалга. Кылдырооч - кооздоо жана жылуулоо максатында терилген таар. Кереге бою же андан пасыраак бийиктикте таардын 3-5 эни бириктирилип тигилип, кереге менен канат чийдин ортосуна тартылат. Канат чий - кереге менен туурдуктун ортосуна калануучу чий. Бир боз үйдүн чийин 2-4 канатка бөлүп койсо болот. Чыгдан - ашканага тосулган чий. Анын ичине идиш-аяк коюлуп, тамак¬аш сакталат. Чыгдандын бийиктиги 1,6-1,8 м, узундугу 2,5-3,5 м келет. Эки-үч жерине бакан тирелет. Чыгдандын эки жагы дагы үчтөн алты боосу уук, менен керегелерге байланат. Чыгдан бышык кооз болсун үчүн баш, аягы 10- 15 см жери кездеме менен көбөөлөнөт. Өйдө жагындагы көбөөгө сайма сайылып, чачы тагылат. Бакандын эки түрү бар- биринчиси ача, экинчиси ала бакан деп аталат. Үйдү тигүүдө, бүгүүдөгү эң керектүү куралдарынын бири. Боз үйдүн ички жабдууларыны боолору: кереге чалгыч, уук тизгич, канат боо, жел боо, кырчоо, капшактангыч, таздар боо, тегирич нукуралык термелер менен жасалат. Боз үйдү жасоодо, тигүүдө, пайдаланууда боз үйдүн өзүнө гана энчилүү болуп, жасалгаланган -чырмалган канат чий, кылдырооч, жабык баш, жабдуулукка байланыштуулугу бардан - чыгдан, ала бакан, эсептеленет.
Описание на кыргызском:
Описание на английском:
Область применения: